"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы шаарда жылуулук берүүдө көйгөй жаралса кимге кайрылуу керектигин эске салды.
Буга чейин кабарлангандай, бүгүндөн тарта борбор калаада жылуулук
бериле баштайт. Ал эми "Бишкек жылуулук тармагында" 138 миң абонент катталган.
Ишкана көп кабаттуу үйлөрдүн жана имараттардын үстүндө жайгашкан жылытуучу приборлордун ичинде калган желди чыгарып коюуну эскертти.
Эгер суроо жаралса кайрылуучу номерлер:
керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980, (0557) 61-11-66, (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66;
диспетчердик кызмат — 56-85-58;
Борбордук райондордун нөөмөтчү инженерлери — 36-57-19, 30-07-67;
Түштүк райондорунун нөөмөтчү инженерлери — 51-06-22, 21-74-06.