Бүгүн, 31-октябрдан тарта Бишкек шаарында жылуулук бериле баштайт. Тиешелүү буйрукка калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгонун мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, объектилерди туташтыруу бир нече күнгө созулат.
Жылытуу берилет:
- биринчи кезекте-ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелерине;
- экинчи кезекте объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине бериле баштайт.