Токтогул ГЭСиндеги жоокердин өлүмүнө шектүү аскер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, бүгүн, 21-ноябрда саат 16.00 чамаларында Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак-жайлардын биринин чатырында жашынып жаткан жери аныкталып, ал сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүлдү.
Качып кеткен жоокердин жанынан куралы да алынды.
Белгилеп кетүүчү жагдай, кечээ, 20-ноябрда Токтогул ГЭСтери каскадынын автобазасында жайгашкан №1 постунда күзөттө кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, Бишкек шаарынын тургуну 2002-жылы туулган Б.У. өзү менен чогуу кызмат өтөп жаткан жоокер Ош облусунун тургуну 2003-жылв туулган Т.С. менен пикир келишпестиктен улам колундагы кызматтык ок атуучу куралы менен атып, окуя болгон жерден куралын кошо алып белгисиз тарапка качып кеткен.
Азыркы учурда кармалган жоокер Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген жана тергөө амалдары жүргүзүлдү.