Токтогул ГЭСиндеги постто таңга жуук жоокер жанындагы сержантты атып салды. Ал качып кетти

Бүгүн, 20-ноябрда Кара-Көл шаарындагы аскер бөлүгүндө өзгөчө кырдаал катталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жоокер кесиптешине ок чыгарган, ал алган жаракатынан улам каза болгон. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-ноябрда болжол менен саат 05:50 чамасында кароолдо 2002-жылы туулган катардагы жоокер У.Б. жанындагы жоокерди атып алган.

Алган жараттан улам 2003-жылы туулган жоокер С.Т. ошол жерде каза болгон. Болгон окуядан кийин катардагы жоокер У.Б. бекитилген куралы менен кароол жайын таштап, белгисиз жакка качып кеткен.

Ички аскерлердин аскер кызматкерлери милиция кызматкерлери менен биргеликте качып кеткен жоокерди издөө боюнча иштерди алып барууда. Тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан