Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Улуттук маданий борборунун директору Союзбек Надырбеков кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Айтымына караганда, ал башка ишке которулганына байланыштуу кызматын тапшырган.
"Башка жумушка которулганыма байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук Маданий Борборунун директору кызматын тапшырып берип жатам" деп жазды ал.
Белгилей кетсек, Надырбеков Улуттук маданий борборунун башкы директору болуп ушул жылдын февраль айында дайындалган.