Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Улуттук маданий борборунун башкы директору болуп Союзбек Надырбеков дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койгон.
"Союзбек Надырбекович биздин министрликке жат киши эмес, буга чейин министрликте орун басарлык кызматты аркалап, өзүн мыкты жетекчи, мыкты мамлекеттик кызматкер катары көрсөтө алды. Анын ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси, иш билги кесипкөйлүгү аталган маданий борбордун ишинин алга жылышына өбөк болот деп ойлойм" деген министр жаңы директорду эмгек жааматка тааныштырып жатып.
Өмүр баяны:
Союзбек Надырбеков 1990-жылы 16-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында туулган.
- 2009-2013-жылдары - Бишкек гуманитардык университети – “Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер” факультетин бүтүргөн.
- 2009-2011-жылдары - Чунг-Анг университети (Корея Республикасы) – “Ички жана тышкы саясат” багыты;
- 2015-2017-жылдары - Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы – “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багыты (магистратура);
- 2017-жылы - Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы – “Саясий институттар” багыты (аспирантура) боюнча билим алган.
Эмгек ишмердиги:
- 2012-2013-жылдары - “Лидер жаштар клубу” КБ негиздөөчүсү, төрагасы;
- 2013-2015 жылдары - «KGM», азыркы «Luna travel» туристтик компаниясы башкы менеджери;
- 2015-2017-жылдары - “Asia Children Charity” эл аралык кайрымдуулук фонду Аткаруучу директор;
- 2017-жылы - “Dream K” туристтик компаниясы Башкы директор;
- 2017-2018-жылдары - III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы Инфраструктура, ыктыярчылар жана илим багыты боюнча координатору;
- 2018-2019-жылдары - “King Abdul-Aziz Camel Festival – Nomad Universe”(Сауд Аравия) Координатор;
- 2019-жылы - Ош–Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору (TURKSOY 2019) Логистика багыты боюнча жооптуу;
- 2019-жылы - Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити Логистика багыты боюнча жооптуу;
- 2019-2020-жылдары - Дүйнөлүк этно конфедерациясы маданият тармагы боюнча менеджер;
- 2020- 2021-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Республика - Ата Журт депутаттык фракциянын катчылыгынын консультанты;
- 2021-жылы - Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде директордун орун басары;
- 2021-жылдын декабрынан 2023-жылдын февралына чейин - Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп иштеген.