UFC: Рафаэль Физиевге Дастин Порье менен беттешүү сунушу түштү

Кыргызстандын аты менен чыгуудан баш тарткан мушкер Рафаэль Физиевге америкалык мушкер Дастин Порье менен беттешүү сунушу түштү. Бул тууралуу анын менеджери Саят Абдрахманов Sport24 басылмасына билдирди.

"Жакында эле уюмдан бизге чалышып, "Физиев Порье менен беттешүүгө даярбы?" деп сурашты. Жеңилгенден кийин жана алган жаракатынан улам Рафаэль Физиев бул аралыкта беттешүүгө даяр болбой турганы анык. Анын калыбына келиши үчүн дагы кеминде алты ай керек. Бирок мындай сунуштар келип жатат", - деген ал.

Сентябрь айында Лас-Вегаста өткөн "UFC FIGHT NIGHT" турниринин негизги беттешинде Рафаэль Физиев польшалык Матеуш Гамротко техникалык нокаут менен жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан