UFC уюмунун мушкери Рафаэль Физиев Лас-Вегаста өткөн "UFC FIGHT NIGHT" турниринин негизги беттешинде польшалык Матеуш Гамротко техникалык нокаут менен жеңилип калды.
Эки мушкердин беттеши турнирдин негизи болду. Беттештин экинчи бөлүгүндө Физиев сол бутунан жаракат алып, беттешти андан ары уланта албай калды.
Физиев сегиз бурчтуктан өзү чыга албай, жардамчыларынын коштоосунда чыгып кетти.
Бул Физиевдин карьерасындагы үчүнчү жеңилүүсү.