Ош облусунун Араван районунда заара ушатып койгону үчүн эгиз кыздарын сабаган энени энелик укуктан ажыратуу сунушталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
"Жашы жете элек эгиз кыздардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында Араван райондук сотуна Д.С. аттуу жаранды ата-энелик укугунан ажыратуу боюнча доо арыз берилип, учурда каралып жатат", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Буга чейин социалдык тармактарда эгиз балдарын аёосуз сабаган эненин видеосу тараган. Кийинчерээк ал кармалганын Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирген.