Ошто заара ушатып койгондугу үчүн эгиз кыздарын сабаган эне кармалды

Ош облусунун Араван районунда балдарын урганга шектелип энеси кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, социалдык тармактарга мониторинг жүгүзүү учурунда вотсап тайпалардан аял кишинин 2 жаш баланы уруп жаткан видео тасма тарап жаткандыгы тууралуу маалымат маалымат электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жаш балдарды уруп жаткан аял Араван районунун С.Юсупова айыл аймагынын 21 жаштагы Д.С. аттуу тургуну экендиги аныкталып, тергөө кызматына камсыз болгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Д.С. видеотасмада уруп жаткан жаш балдар өзүнүн 2 жаштагы эгиз кыздары экендигин, алар заара ушатып койгондугу үчүн ушундай кадамга баргандыгын билдирген.
Топтолгон материалдардын негизинде Д.С.нын үстүнөн кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары камакка алынды.
Учурда өспүрүмдөрдүн денелеринен алган жарааттарын жана психикалык жактан жабыр тарткандыгын аныктоо максатында экспертизалар дайындалып, тиешелүү мамлекеттик социалдык мекемелер жумуштарын алып барып жатышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан