Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тууну өзгөртүү боюнча өз пикирин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анда ал өлкөбүздө жаңылануу болуп, жанданып жатканда, жаңыртылган желегибиз болсо деген ниетте болгонбуз деп белгилеген.

"Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев элине чексиз берилген, мекенчил инсан. Айрыкча, улуттук нарк-насил, тил, дил жаатында нар көтөргүс иш алып барууда. Тажрыйбасы көп дасыккан жетекчи.
Ак ниети, изги тилеги менен депутат Улан Примов экөө биргелешип мыйзам долбоорун демилгелешти. Сунушталган ой президент Садыр Жапаровго, вице - премьер - генерал Камчыбек Ташиевге, мага дагы жагып, өлкөбүз жаңыланып, жанданып жатканда, жаңыртылган желегибиз болсо деген ниетте болгонбуз.
Арийне, коомдо кызуу талкуу жүрүүдө.
Илгертен элибиз тилек кылышчу. Өзгөнүн туусун жыгып, өзүнүн туусун саяр балдарыбыз көп болсо экен деп. Улуу Ата мекендик согуш учурунда дагы аскердик бөлүктөр күжүрмөн туусу үчүн кырылып калышкан.
Азыркы биздин туубуз, Эгемен элдин жүрөгүнөн терең орун алып, боор эт менен бир болуп, жан дүйнөгө бүлүк салганы коомдук талкууда байкалууда.
Эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттары, элдин мүдөөсүн эске алуу менен иш алып барат деген тилекте бололу. Кандай кырдаал болсо дагы, бири - бирибизге этият мамиле кылып, сабырдуулукту көрсөтөлү", - деп жазды ал.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча Шакиев менен Примов сунуштаган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.