Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү демилгесин биринчи окууда колдоду 

Бүгүн, 28-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорун талкулоого 30дай депутат жазылган, бирок беш-алтоо сүйлөгөндөн кийин №35 бир мандаттуу Ак-Суу шайлоо округунан депутат Акылбек Түмөнбаев талкууга чектөө коюп, талкуусуз эле кабыл алуу сунушун берди. Көпчүлүк депутаттар анын сунушун колдоп добуш берүүгө өтүштү.

Анда каттодон өткөн 80 депутаттын 66сы колдоду. 8 эл өкүлү каршы добуш берсе, алтоо добуш берген жок.

Жогорку Кеңеш 29.11.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан