Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев 2024-жылдын 4-январына чейин Бишкектеги СИЗО-1ге камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, өткөн жумада УКМК кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө деп театрдын директорун кармаган.
"УКМК тарабынан опера жана балет театрынын (мындан ары – КУАОЖБТ) лизингдик ишмердүүлүгүндөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, КУАОЖБТнын балансында турган мамлекеттик мүлк үчүн узак мөөнөттө ижара келишимдерин түзүүдө, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) козголгон кылмыш ишинин негизинде сотко чейинки иликтөө иштери башталды.