Бишкектеги Опера жана балет театрынын башкы директору кармалды

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балансында турган мамлекеттик мүлк үчүн узак мөөнөттө ижара келишимдерин түзүүдө, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) козголгон кылмыш ишинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесине ылайык, опера жана балет театрынын башкы директору И.А.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан