Биз социалдык тармакта

Ошто 15 жашар өспүрүм бир жумадан бери дайынсыз болууда

Ош облусунун Ноокат районунда 15 жаштагы өспүрүм бала 8-декабрдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучулар Гүлистан айылынын тургунун беш күндөн бери издешүүдө. Күбөлөр акыркы жолу аны Жаңы-Ноокат айылындагы Сапарбай каналынын жээгинде көргөнүн билдирген. Издөө иштерине жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан төрт куткаруучу тартылды.

Кошумчалай кетсек, 12-декабрда Чүй облусунун Кемин районунда 59 жаштагы эркек киши жоголгону маалымдалган.

Аны издөө иштери дагы деле жүргүзүлүүдө. Учурда жеринде 11 куткаруучу жел кайык, дрон менен суунун жээктеринде жана талааларда иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан