Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Жылтыр 115 тилкесинин 59 жаштагы А.С. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин “101” кызматына туугандары билдиришкен. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-декабрда Кемин райондук ӨКБдан авариялык куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу издешкен.
"Ал эми бүгүн кайрадан жогоруда аталган бөлүктөн 11 куткаруучу 3 милиция кызматкери менен биргеликте жел кайык, дрон аппараты менен издөөгө чыгышкан.
Учурда алар агын суунун жээктеринен жана талаалардан издешүүдө. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.