Биз социалдык тармакта

Куткаруучулар Казакстандын чек арасынан 16 жаранды Кыргызстанга алып келишти

ӨКМнын куткаруучулары 16 кыргызстандык жаранды алып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, алардын 13ү Кордай өткөрмө постунан өтүп, туугандары менен үйлөрүнө кетишти.

Ал эми уюштурулган жылынуучу жайда 3 жаранга ысык тамак берилип, адистештирилген куткаруу унаасы менен Бишкек шаарына жеткирилди.

Учурда кыргыз куткаруучулары кечиктирилгис куткаруу иш-чараларын аткаруу үчүн жана унаа жолдордун абалын байкоо үчүн Кордай районунун Кенен айылынан Шу районунун Көккайнар айылын көздөй жөнөп кетишкен.

"Кыргыз тарап Аламүдүн районундагы Ак-Жол өткөрмө постунда жайгашкан "Бишкек – Алмата" кафесинде 150, Свердлов районундагы “Эне-Сай” жаңы конушундагы №21 орто мектебинде 150 жана Октябрь районундагы мамлекеттик администрациясынын имаратынын ашканасында жана “Таберик” студиясынын жыйналыш залында 40 адамга ылайыкташкан жылынуучу жайларды уюштурушту", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн, 15-декабрда Казакстандагы жол тыгында калып калган жарандарды чыгарууга көмөктөшүү максатында кыргыз куткаруучулары коңшу өлкөгө жөнөп кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан