Казакстандагы жол тыгында калып калган жарандарды чыгарууга көмөктөшүү максатында кыргыз куткаруучулары коңшу өлкөгө жөнөп кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Маалыматка караганда, кечээ Кордай районунда жааган кардын кесепетинен Алма-Ата –Ташкент (чакырымы такталууда) унаа жолу жабылган. Анда Алга жана Кордай айылдарынын ортосунда 150дөй унаа Кыргызстан тарапка өтө албай калган. Жерине Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаменти тарабынан 99 куткаруучу жана 37 оор техника тартылган.
Көйгөй жараткан жол тыгынга көмөктөшүү үчүн өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 39 куткаруучу, 5 оор техника, 1 Ниссан Пикап, 2 кар унаасы (снегоход) жана керектелүүчү шаймандар менен саат 03:05те Казакстанга жөнөп кетишкен.
Учурда жарандарды коопсуз жайга эвакуациялоо иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, бул маселе кечээ Жогорку Кеңеште
көтөрүлгөн.