Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев диний кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Диний кастыкты (араздашууну) козутуу”) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында 1968-жылы 28-апрелде Нарын облусунда туулган Арстанбек Абдылдаев (“Арстан Алай” аты менен белгилүү) кармалды.
"Кылмыш ишин козгоого Абдылдаевдин “Facebook”, “Instagram” жана “YouTube” социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылгандыгы, ошондой эле динчилдиги боюнча жарандардын ким экендигин пропагандалоо тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон. Ал өзүн “Жаңы Кудай”, “Куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептеп, аларга терс баа берген", - деп айтылат маалыматта.
Анын үйү жана Чүй облусунун аймагындагы лекцияларын (мантра деп аталган) өткөргөн жайлары тинтүүгө алынып, көп сандагы адабияттар, атап айтканда китептер, брошюралар, дептерлер, компьютерлер жана электрондук алып жүрүүчүлөр алынды.
Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Абдылдаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Буга чейин Абдылдаевдин эки күндөн бери дайынсыз болуп жатканы маалым болгон.