Бүгүн, 15-декабрда Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев эки күндөн бери дайынсыз болуп жатканын Бишкектин Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына ырастады. 14-декабрда анын жоголгону тууралуу маалымат милициянын каттоосуна алынып, издөө иштери башталган.
Буга чейин социалдык тармактарда анын изделип жатканы тууралуу жарыянын сүрөтү тараган. Анда ал 13-декабрда эртең менен саат 8:30да үйүнөн чыгып кеткенден бери кабарсыз экени жазылган.
Арстанбек Абдылдаев – белгилүү ишкер, коомдук ишмер, “Эл үчүн” саясий партиясынын жетекчиси. Ал 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон. Коомчулукка "мен Кудаймын", "зима не будет” деген сөздөрү менен белгилүү.