Бишкекте Кыргыз-Орус Славян университетинин (КРСУ) башкы имараты жана үч мектеп бомба тууралуу маалыматтан улам курчоого алынды.
Свердлов РИИБинен билдиргендей, калаадагы №33, 89-мектептерге да бомба коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Имараттын ичиндегилер эвакуацияланды. Учурда милиция кызматкерлери жеринде иштеп жатышат.
Белгилей кетсек, буга чейин №67 мектеп-гимназиясынын окуучулары эвакуацияланганы кабарланган.