Биз социалдык тармакта

Чынтемир Аширалиевдин соту: "Мен өлбөйм, сени өлтүрүп туруп өлөм" дейт маркумдун апасы (видео)

Бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаардык сотунда үч адамдын өлүмүнө шектелип өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Аширалиевдин доо арызы каралды.

Анда судья котормочу жана айыпталуучу тараптын жактоочусу келбегендигине байланыштуу соттук отурумду 10-январга жылдырды.

Соттук отурум башталар алдында жабырлануучу тараптын апасы айыпталуучу шаардык сотко доо арыз менен кайрылганына жинденди.

"Мен өлбөйм, мен сени өлтүрүп туруп анан өлөм", - деди маркумдун апасы.

3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту үч адамдын өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевди күнөөлүү деп таап, үч адамды атайылап өлтүргөн деп, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан.

"Мен өлбөйм, сени өлтүрүп туруп өлөм" дейт маркумдун апасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан