Бүгүн, 3-ноябрда Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Аширалиев өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Октябрь райондук соту чыгарды.
Сот отурумуна судья Надырбек Токтосунов төрагалык кылды.
Сот айыпталуучу Чынтемир Аширалиевди Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Адам өлтүрүү) 1 (эки же андан ашык адамды), 3 (алсыз абалдагы адамды же баланы), 7 (өзгөчө мыкаачылык менен), 12-пункттары (пайда көздөө максатында) менен күнөөлүү деп таап, үч адамды атайылап өлтүргөн деп, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратты.
Ошондой эле Аширалиев жабырлануучу тарапка моралдык зыян келтиргени үчүн 3 миллион сом жана материалдык чыгым тарттырганы үчүн 671 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.
Мындан сырткары аны Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, 80 миң сом өлчөмүндө (унаасынан бычак табылганы үчүн) айып салды.
Жабырлануучу тарап, прокурор шектүүнү өмүр бою кесүүнү, моралдык жана материалдык зыян тарттырганы үчүн 4 миллион 671 миң сом компенсация төлөп берүүсүн талап кылган.
Эске салсак, ушул жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда 51 жаштагы аял (Алтынай Канзаманова) жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Маалым болгондой, шектүү Аширалиев кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.