Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
20-декабрда соттук коллегия Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясынын аныктамасын өзгөрткөн. Тагыраагы, Алмазбек Истамбаевге карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.
Эске салсак, декабрь айынын башында УКМК кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө деп театрдын директорун кармаган.