Биринчи Май райондук администрациясы Бишкек шаарынын мэриясынын түз башкаруусуна өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган райондун акиминин милдетин убактылуу аткаруучусу мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн башчысы Сарылбек уулу Улан жетектейт.
Буга чейин райондун акими Мурат Осмонов мыйзам бузууларга байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.