Сойкулук менен күрөш: Бишкектин Биринчи Май районунун акими жана милиция бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды

Биринчи Май районунун акими жана райондук милициянын бөлүм башчысы жумуштан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусундагы УКМКнын жаңы салынган имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, алар мыйзамсыз интимдик кызмат көрсөткөн жайларга бөгөт коюу боюнча иштердин алкагында кызматынан алынышкан.

Ошондой эле 10го жакын милиция кызматкерлерине, мэрия жана УКМКнын айрым кызматкерлерине катуу чаралар көрүлгөнүн кошумчалады.

Буга чейин Бишкек шаардык милициясы калаадагы Кулиев көчөсүндө сойкукана аныкталганын, ИИМдин башкы башкармалыгынын 10 жооптуу кызматкери жоопкерчиликке тартылганын, алардын ичинен Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын №8 бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Uri24
2023-12-25 16:38:00
Азыр бийликтегилердин деңгеели интимге түшүп калдыбы. Интим карым катнашта кыз менен эркектин жоопкерчилиги бирдей. Бул маселени чече алышпайт. Себеби интимдик мамиле табигый муктаждыктан келип чыгат
-1
Azat-123
2023-12-25 19:07:00
Uri24 анда эже карындашыңды Кулиевага байлап кой
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан