Бүгүн, 28-декабрда саат 9:00дө "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, кечээ, 27-декабрда Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болгонуна байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында чектөө киргизилген.