Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Аба ырайы кескин өзгөрүп, шамал болуп, жол жакшы көрүнбөй жаткандыктан бүгүн, 27-декабрда Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мекеме айдоочуларды жолдо сак болууга чакырат.

"Кар жаап, айдоочулардын жолдо жүрүү кыймылын кыйындатышы мүмкүн, ошондуктан ылдамдыкты азайтып, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактап, коопсуздук эрежелерин толук сактоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан