Биз социалдык тармакта

Министрлик: "Иранда жардырууда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок"

Ирандын түштүк-чыгышында 103 адамдын өмүрүн алып, 140тан ашууну жараат алган жардырууларга байланыштуу жардыруулардан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Ирандагы Элчилиги өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандары менен дайыма байланышта.

"Элчиликтин төмөнкү шашылыш телефон номери аркылуу Иранда жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл болгон учурда жардам же кеңеш ала алышат: +982122830354 жана +989352505226",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан