Ирандын түштүгүндө болгон эки жардыруудан кеминде 103 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, жардыруулар кечээ, 3-январда Керман шаарында, Сулейманинин көрүстөнүнө жакын жерде орун алган. Анда 103 адам набыт болуп, 200дөн ашууну жарадар болгон. Айрымдарынын абалы оор деп бааланууда.
Чогулгандар Ирандын генералы Касем Сулейманинин өлүмүнүн төрт жылдыгына арналган салтанатка барышкан. Өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, таасирдүү генералды эскерүү үчүн жүздөгөн киши топтолгон. Ошол маалда эки жардыруу болуп, Иран бийлиги бул окуяны теракт деп атады.
Айрым маалыматтарга караганда, бомбалар эки баштыкка салынып, аралыктан жардырылган. Бирок бул маалымат расмий түрдө тастыктала элек.
Кош жардыруунун себеби жана ким уюштурулганы азырынча белгисиз.