Биз социалдык тармакта

Эртең Кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиевдин коштошуу зыйнаты өтөт

Кыргыз киносунун ардагери, Кыргызстандын Эл сүрөтчүсү Муса Абдиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 9-январда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, маркум менен коштошуу зыйнаты Бишкектин 7-кичи районундагы 49/2 үйүндө өтөт. Саат 10:00дө башталат.

Муса Абдиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Белгилей кетсек, кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиев 2024-жылдын 7-январында 89 жаш курагында дүйнө салды.

Муса Абдиев 1934-жылы 23-февралда төрөлгөн. 1959-жылдан баштап "Кыргызфильм" киностудиясында иштеген. Ал кийим дизайнери, ассистент жана сценарист, продюсер болгон.

Муса Абдиевдин фильмографиясы:

- Төлөмүш Океевдин үч тасмасы: "Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдары", "Чыңгыз Хан";

- Геннадий Базаров тарткан үч тасма: "Саманчынын жолу", "Каныбек", "Көчө" (ар түрдүү муундардагы айыл калкы);

- "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" режиссёру Болот Шамшиев;

- "Түшүндүрмө издебе" режиссёру Жали Соданбек;

- "Провинциалдык романс" режиссёру Мелис Убукеев;

- "Сундук предков" режиссёру Нурбек Эген ж.б.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан