Кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиев каза болду

Кечээ, 7-январда кыргыз киносунун ардагери, Эл артисти Муса Абдиев каза болду. Мындай маалымат Кинематографияны өнүктүрүү фондунун сайтына жарыяланды.

Маркум менен коштошуу зыйнаты эртең, 9-январда болот.

Муса Абдиев 1934-жылы 23-февралда туулган. Ал «Кыргызфильм» киностудиясында 1959-жылдан баштап иштеген. Ал кийим дизайнери, ассистент жана сценарист, продюсер болгон.

Муса Абдиев Андрей Кончаловскийдин “Биринчи мугалим” тасмасын, Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму” тасмасын жана Геннадий Базаров менен бир нече фильмдерди тартууга катышкан.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Муса Абдиевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан