Биз социалдык тармакта

"Атам өзүн асмак эмес". Арстан Алайдын балдары атасынын өлүмүн кылдат териштирүүнү талап кылды (видео)

"Атам өзүн аспайт болчу, акыйкаттыкты талап кылабыз” деген Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) уул-кыздары атасынын камкор болгонун, коомго оюн так жеткиргени жетишпей калганын, кайрымдуулук иштерин көп жасаганын айтып эскеришти. Ошондой эле маркумдун жакындары анын өлүмүн кылдат териштирүүнү талап кылды.

"Атабызды табышмактуу ажал алып кетти. Өзү ден соолугун бекем кармачу, дары дагы ичпейт эле. Атамдын духу күчтүү болчу. Мурун сынбаган атам, абактан сынбас эле. Аты өчпөй, тарыхта калат деп ойлойм. Элден жакшы сөзүн аячу эмес", - дейт кызы Аксана Арстанбекова.

Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча текшерүү иштери башталып, анын жыйынтыгы менен кызмат адамдарына юридикалык баа берилерин билдирген. Мындан сырткары, Жазаларды аткаруу кызматы да ички иликтөө жүргүзүп жатат.

Толугу менен SUPER.KG порталынын You Tube каналынан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Uri24
2024-01-09 11:07:00
Азыркы бийлик адам олумуно толугу менен кунолуу. Садыр Жапаров оз башы менен жооп бериш керек. Садыр жапаровту эл багып жатат. Эртен дагы бироонун баласын олтуртуп коет Садырдын бийлиги. Эч кимдин уй булосуно мындай жамандык келбесин
0
Uri24
2024-01-09 11:16:00
Садырдын бийлигин, уй булосун эл, соодагерлер багып жатат. Муну токтотуш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан