Абакта каза болгон Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) өлүмү боюнча текшерүү иштери башталып, анын жыйынтыгы менен кызмат адамдарына юридикалык баа берилет. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Башкы прокуратура Арстан Алайдын денесине алгачкы кароо жүргүзүүдө дене жаракаттар табылбагандыгын билдирди.
"Алгачкы текшерүүдө аныкталгандай, А.Абдылдаев 2024-жылдын 4-январынын 5-январына караган түнү электрочайнектин зымын (шнур) сүлгүсү менен байлап ашкананын тамактануучу бөлмөсүндө асынып алган.
Ал эми А.Абдылдаевдин асынган абалдагы денеси 2024-жылдын 5-январында таңкы саат 05:15 чамасында табылган.
Ошондой эле А.Абдылдаевдин денесин кароо жүргүзүү учурунда маркумдун моюнунда зымдын изинен башка криминалдык күч колдонгон башка жаракаттары бар экендиги аныкталган эмес.
А.Абдылдаевдин өлүмүнүн келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-трассалогиялык, соттук-психиатриялык жана башка тийиштүү амалдары жүргүзүлүүдө.
Жогорудагы жагдайлар боюнча Башкы прокуратура тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып жыйынтыгы менен мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын кыймыл аракеттерине карата юридикалык баа берилет", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Белгилей кетсек, 5-январь күнү саат 05:15 чамасында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасында айыпталуучу Арстанбек Абдылдаев асынган абалда табылган.
ЖАКтын маалыматына ылайык, ал 15-декабрда Кылмыш-жаза кодекстин 94-беренеси боюнча Кылмыш-жаза кодекстин 330-беренеси менен кылмыш жасаган деген шек менен УКМКнын Чүй облусу боюнча Тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган.