Ошто унаа жуучу жай бузулууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Анар кичи районундагы мыйзамсыз автоунаа жуучу жай бүгүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан буздурулууда.
Эске салсак, кечээ, 9-январда Курманжан-Датка 211 (Араванский) дарегинде жайгашкан мыйзамсыз курулуш буздурулган.