Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар буздурулууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Ош мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Курманжан-Датка 211 (Араванский) дарегинде жайгашкан “Ситимаркет” соода борбору өз алдынча уруксат кагазы жок 25 чарчы метрге курулуш жүргүзүп тосуп алган.
Ага ылайык, бүгүн, 9-январда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан эскертүү берилип, мыйзамсыз курулуш жеке ишкердин өз эсебинен бузулууда.