Биз социалдык тармакта

24.kg маалымат агенттигинин жетекчилери кайрадан суракка чакырылды 

24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын башкы редактору Махинур Ниязова кайрадан УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган басылманын сайтына жарыяланды.

Маалымдалгандай, алар бүгүн, 17-январда саат 11:30га суракка чакырылган.

Белгилей кетсек, 15-январда 24.KG агенттигинин редакциясында тинтүү болуп, басылманын директору жана башкы редакторлору УКМКда сурак берип чыккан.

Мындан сырткары, Ички иштер министрлиги "Айт, айт десе" Ютуб каналынын жана "Темиров лайв" медиасынын кызматкерлерине массалык баш аламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.

"Темиров лайв" медиасынын негиздөөчүсү Болот Темиров 16-январдын таңында медианын учурдагы жана мурдагы бир нече кызматкерлеринин үйүндө тинтүү болуп, ИИМдин тергөө кызматына алып кетишкенин айткан.

Кечээ, 16-январда ИИМ суракка алып кеткен 11 журналисттин баары 48 саатка камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан