ИИМ журналисттердин үйүн тинтүү боюнча үн катты

Ички иштер министрлиги "Айт, айт десе" Ютуб каналынын жана "Темиров лайв" медиасынын кызматкерлерине массалык баш аламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагын мониторинг жүргүзүү учурунда, "Айт, айт десе" жана "Темиров лайв" аталышындагы социалдык тармактагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жазаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынган.

Аталган маалымат боюнча иштин жагдайларына толук иликтөө жүргүзүү үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн маалымат ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.

"12-январда эскспертизанын корутундусуна ылайык "Айт, айт десе", "Темиров лайв" аттуу баракчаларга тиешелүү материалдарда массалык башаламандыктарга чакырыктардын белгилери бар деп аныкталган.

Аталган экспертизанын жыйынтыгы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) үчүнчү бөлүгү менен (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) кылмыш ишин козголуп, тиешелүү тергөө амалдар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Учурда ИИМдин тиешелүү кызматтары бир катар даректер боюнча ыкчам-тергөө иликтөө иш-чараларын улантып жатканы кошумчаланды.

Министрликтин басма сөз кызматы учурда кайсы журналисттер кармалып, сурак берип жатканын жана кимдердин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнүн тактаган жок.

"Азаттык" медиасы "Темиров лайв" медиасынын Бишкектеги кеңсесинде күч органдарынын кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жатканын аталган медианын негиздөөчүсү Болот Темиров 16-январдын таңында билдиргенин жазды.

Темиров бул медианын учурдагы жана мурдагы бир нече кызматкерлеринин үйүндө тинтүү болуп, ИИМдин тергөө кызматына алып кетишкенин айткан. Алардын арасында ютубдагы “Айт, айт десе" каналынын журналисттери Азамат Ишенбеков, Сапар Акунбековдун үйүндө тинтүү болгон.

"Мурда бизде иштеп кеткен, азыр башка редакцияда иштеп жаткан үч кызматкерде да тинтүү болуп жатат. Алар - Актилек Капаров, жакында "Алга медианы" ачкан, "ПолитКлиникада" иштеген Тыныстан Асыпбеков, "Арча медиада" иштеген Сайпидин Султаналиев. Ал дагы мурда "Темиров лайвда" иштеген журналист болчу", - деген Темиров.

Кечээ 24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь УКМК сурак берип чыккан. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышкан.

Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганы кабарланды.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергөө жүрүп жатканын ырастаган, бирок кайсы материал же маалымат боюнча иш ачылганын тактай элек.

Актилек Капаров ИИМге алып кирип кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан