Биз социалдык тармакта

Калкты тейлөө борборлорунун иштөө убактысы өзгөрдү  

Калкты тейлөө борборлору саат 8:00дөн 18:00гө чейин түшкү тыныгуусуз бирдиктүү иш графигине өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Санариптик өнүктүрүү министрлигинен маалымдады.

Буга чейин эки ири Калкты тейлөө борборлорунда сынамык долбоордун алкагында саат 8:00дөн 20:00гө чейинки аралыкта жаңы иш графиги киргизилген. Министрликтен билдиргендей, борборлордо кечки тейлөө убактысы анча талап кылынбагандыгы аныкталган.

"Жаңы график мамлекеттик кызматтардын үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу менен кезек күтүү убактысын азайтууга багытталган", - деп билдирди маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан