Ушул жылдын 1-июнунан тарта Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмдөрү түшкү тыныгуусуз саат 08:00дөн 20:00гө чейин узартылган иш графигине өтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Кабарга караганда, жаңы иш графигинде өлкөнүн Эмгек кодексинин бардык талаптары эске алынган. Тагыраагы, жумуш күнүнүн узактыгы (бир жумуш күнү үчүн) 8 сааттан ашпайт. Кызматкерлер эки нөөмөттө иштешет.
"Бул өзгөртүүлөр жарандарга мамлекеттик кызматтарды алууда кыйла ыңгайлуу шарттарды жана ыңгайлуулуктарды түзүү, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө" деп айтылат маалыматта.