Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө кайрадан улантылып, ага 273 куткаруучу чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулардын 163ү ӨКМдан, алар 5 дрону, 10 техникасы менен капчыгайда издөө ишин баштады. Ал эми ИИМдин 110 кызматкери 1 дрон, 4 техникасы менен издөө ишине тартылган.