Чүй облусундагы Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жоголгон жаран табылбагандыктан, издөө иштери 22-январь күнү саат 08:30да улантылат. Бүгүн жалпы 250 адам издөө ишин жүргүзгөн. Анын 145и ӨКМдин куткаруучулары, 6 дрон, ИИМдин 100 кызматкери жана 5 волонтёр катышып, жалпы 18 техника тартылган.
Белгилей кетсек, 14-январь күнү Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган
М.М.уулу дайынсыз жоголгон. Министр
Бообек Ажикеев дайынсыз жоголгон жаранды издөө ишинин жүрүшүнөн жеринен кабар алып, куткаруучулардын санын көбөйтүү тапшырмасын
койгон.