Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 12 жаштагы Максат Ахматов Аламүдүн районунан табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-январда изделип жаткан Максат Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.
Белгилей кетсек, 22-январда милицияга А.М. аттуу жаран 2012-жылы туулган уулу Дордой-1 жаңы конушундагы үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирип, арыз менен кайрылган. Милиция тарабынан издөө иштери башталган.