Бишкекте 12 жаштагы Максат дайынсыз болуп изделип жатат

Бишкекте 2012-жылы төрөлгөн Максат Акматов дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-январда милицияга А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал баласы Дордой-1 конушундагы үйдөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.

Өзгөчө белгилери: Бою 140-150 сантиметр. Ал көк түстөгү спорттук костюм, кара түстөгү баш кийим, ак шым кийип жүргөн.

Милиция жашы жете элек Максатты көргөн-билгендер болсо кабар берүүгө чакырат. Байланыш номуру: 0 (704) 103-102, 0 (702) 49-88-88, 0 (709) 33-24-63, 0 (312) 43-32-75 же 102 кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан