23-январда болгон жер титирөөдөн кийин Кыргызстандын бардык аймагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн абалы текшерилди. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча учурда курулуп жана жарандар жашап жаткан 214 турак жайда курулуш дефекттери жана жаракалар бар же жок экендиги визуалдык текшерүүдөн өткөрүлдү.
- Бишкек шаарында – 101;
- Чүй облусунда – 25;
- Ысык-Көл облусунда – 8;
- Нарын облусунда – 6 объект текшерилди.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй жер титирөөдөн кийин эч кандай мүчүлүштүктөр жана бузулуулар, жаракалар табылган эмес. Жарандардын кооптонуусуна негиз жок", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин мамкурулуштун жетекчиси
Нурдан Орунтаев жер титрөөдөн кийин 100дөй кайрылуу келип түшкөнүн, олуттуу жабыркаган имараттар жокко эсе экенин
айткан.