23-январга караган түнү болгон жер титирөөдөн улам 100дөн ашык имараттар текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, жер титирөөдөн кийин жарандар тарабынан 100дөн ашык кайрылуулар болуп, бардыгы текшерилген.
"Жер титирөө 4,5 баллга жетип, катуу эле болду. Бирок өлкөдө кулап калган же чоң жарака кеткен көп кабаттуу объект болгон жок. Ошондой эле социлдык тармактарга тараган "Кыргыз деңизи" санаторийиндеги жарака текшерүүгө алынып, эч кандай коркунуч жарата турган абал аныкталган жок", - деди ал.
Ошондой эле, Орунтаев мыйзамсыз салынган жана мыйзамдуу деп бөлбөстөн жарандар жашап жаткан бардык объектилерди текшерип чыгышканын айтты.
Белгилей кетсек, кечээ, 23-январга караган түнү болгон жер силкинүүдөн кийин Мамлекеттик курулуш агентиги объектилерди текшерип чыгуу үчүн жумушчу топ түзгөн.