Сокулукта муз алдындагы сууга чөгүп, каза болгон окуучулардын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Чүй облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-январда Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө Сокулук айылындагы көлмөлөрдүн биринде жашы жете элек балдардын сууга чөгүп кеткендиги боюнча маалымат келип түшкөн.
Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге дароо барып, көлмөдөн жашы жете элек үч өспүрүмдүн жансыз денесин алып чыгышкан. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, алардын денесинен зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес. Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүгүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин Муса Жангазиев атындагы Сокулук №4 орто мектебинин үч окуучусу муз алдындагы сууга чөгүп каза тапканы маалым болгон.