Сокулукта үч окуучу муз алдындагы сууга чөгүп каза болду

Чүй облусунун Сокулук районунда үч окуучу сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 26-январда Муса Жангазиев атындагы Сокулук №4 орто мектебинин директору Алмаз Сүйүндүков билдирди.

Анын айтымында, 3-класстын үч окуучусу Октябрь көчөсүндөгү көлмөгө барышып, сууга түшүп кеткен.

"Жолдун бир капталында көлмө бар болчу. Балдар ойноп жатканда муз жарылып, баары чөгүп кетиптир", - деди ал.

Милиция азырынча расмий маалымат бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан