"Ислам мамлекети" террордук уюму Стамбулдагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти моюнуна алды

"Ислам мамлекети" террордук уюму жекшембиде Стамбулдагы католиктердин чиркөөсүндөгү кол салуу үчүн жоопкерчилик алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, Ислам мамлекети өз билдирүүсүндө анын согушкерлери католиктердин чиркөөсүнө диний жөрөлгөлөрдү жасап жаткан учурда кол салганы белгиленген. Билдирүүдө курал-жарагы бар, беткап кийген эки адамдын сүрөттөрү кошо көрсөтүлгөн. Алар Стамбулдагы чиркөөдө ок чыгаргандар экени аныкталган.

Ага ылайык, Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая кол салуудан кийин кармалгандардын экөө "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү экенин билдирди. Анын айтымында, кол салуудан соң полиция Стамбулда "Ислам мамлекетинин" тарапкерлери жайгашышы мүмкүн болгон 30дан ашык жерди тинтип, террорчулар менен байланышы бар деген шек менен 47 адамды кармаган.

Белгилей кетсек, 28-январда Стамбулда бет капчан эки адам таат окулуп жаткан маалда католиктердин чиркөөсүнө кол салган. Ага байланыштуу Стамбул шаарынын губернатору Давут Гүл 52 жаштагы Тунжер Жихан атуу киши каза тапканын, башка жараат алгандар жок экенин кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан