Түркиянын Стамбул шаарындагы Санта Мария католик чиркөөсүнө кол салуудан бир адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Али Ерликая социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.
Министрдин маалыматына ылайык, кол салуу кечээ, 28-январда Стамбулдун Сарыйер аймагында жекшембилик сыйынуу учурунда болгон. Анда бет капчан эки адам чиркөөгө кирип келип ок чыгарышкан. Жыйынтыгында бир адам окко учуп, бир канча адам жаракат алган.
Ал эми өлкөнүн юстиция министри Йылмаз Тунч бул куралдуу кол салууну айыптай турганын билдирип, прокуратура тарабынан иликтөө-тергөө иштери башталганын кабарлады. Тергөө кылдат жана ар тараптуу жүргүзүлүүдө.